Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында алтын медаль жеңди

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында алтын медаль жеңди.

Жуманазарова 68 килограмм салмакта өзбекстандык спортчуну 11:1 эсебинде утса,

казакстандык балбанды 10:0 ири эсебинде артта калтырды. Жуманазарова жарым финалда

Кореянын балбанын 6:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Финалда монголиялык спортчуну

6:1 эсебинде жеңип алды. Кошумчаласак, Азия биринчилиги Алматыда өтүп жатат.

Оюндар 18-апрелде жыйынтыкталат