Кыргызстандык балбандар Албанияда өткөн рейтингдик мелдеште тогуз медаль – эки алтын, үч күмүш жана төрт коло алды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, грек-рим күрөшүнөн Ырыскелди Максатбек уулу жана Раззак Бейшекеев алтын тагынышты. Дөөлөтбек Чойбеков күмүш, Баяман Каримов жана Ырыскелди Хамзаев коло алды. Ошентип, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте 15 мамлекеттин ичинен үчүнчү орунду ээледи.
Эске салсак, мелдеш 26-февралдан 2-мартка чейин өттү.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



