Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 1-7-июнь күндөрү Өзбекстанда математика жана информатика боюнча IV эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өттү. Ага 16 өлкөдөн 219 окуучу катышты.
Кыргызстандын атынан мелдеште математикадан 12, информатикадан 12 окуучу күч сынашты.
Жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 2 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медалга ээ болушту.



