Кыргызстандык спортчулар былтыр 835 медаль утуп алышты

Кыргызстандык спортчулар былтыр 835 медаль утуп алышты. Маданият министрлигинин маалыматына караганда, командалар 283 алтын, 223 күмүш жана 329 коло байгеге ээ болушту.

 

Биздин спортчулар Париждеги Олимп оюндарына, Астанадагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Казанда өткөн БРИКС оюндарына жана башка чоң мелдештерге катышты.

 

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы 300дөн ашык спорттук наамдар, анын ичинде эл аралык чиндер ыйгарылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.