Кыргызстандык спортчулар эр эңиш боюнча Көчмөндөр оюндарынын биринчи күнүндө бир алтын жана эки күмүш медаль утушту.
Мелдеш 2-сентябрда Чолпон-Атадагы “Көк-Бөрү” ат майданында өттү. Кыргызстандыктар 60 жана 70 килограммга чейинки салмакта күмүш медаль, ал эми 80 килограммга чейинки салмакта алтын медаль алышты. Күмүш медалдарды Казакстандын спортчулары жеңип алышты.



