Кыргызстандык студенттер үчүн АКШ визасы 5 жылга чейин узартылышы мүмкүн.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү маселе Кыргызстандын Америка жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу менен жолугушканда көтөрүлдү.
Элчи Аманбаев кыргызстандык жүк ташуучуларды жана медайымдарды АКШга убактылуу жумушка тартуу боюнча да сунуш берди. Өз кезегинде Дональд Лу кыргыз студенттери үчүн виза мөөнөтүн узартуу сунушун колдоп, маселени ишке ашыруу боюнча конкреттүү ойлор айтылганы белгиленди.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



