Англис тилин билүү деңгээли боюнча өлкөлөрдүн дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 166 мамлекеттин ичинен 88-орунда.
Өлкөдө англис тилин билүү деңгээли “төмөн” деп сыпатталды, бул 457 баллга туура келет. Бирок бул жыйынтык эң жакшы деп эсептелбесе да, коңшу өлкөлөрдөн жогору турат. Алсак, Казакстан 103-орунда жайгашып тилди өтө төмөн деңгээлде билген өлкөлөрдүн категориясына кирген. Өзбекстан 98-орун, Тажикстан 109-орунда.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы жыйынтыктарды “англис тилин орточо деңгээлде билүүчү” өлкөлөрдүн тобуна кирүү менен Беларусь (35-орун) жана Россия (44-орун) көрсөттү.
Ал эми лидер бир нече жыл катары менен Нидерланды болууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



