Кыргызстандыктар май майрамдарында катары менен беш күн эс алат. Тагыраагы, 1-5-май күндөрү иштебейт. Бул боюнча токтом долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдап, өкмөткө сунуштады.
2-майда эс алганын кыргызстандыктар 1-сентябрда иштеп толтурат. 31-август — Эгемендүүлүк майрамы жекшембиге туш келгендиктен 1-сентябрь эс алуу күнү деп эсептелмек, бирок майдагы каникулдан улам жогорудагыдай чечим кабыл алынган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



