Кыргызстандыктар салыктарды эми банк карталары менен төлөсө болот. Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашкандай, эквайринг аркылуу салык төлөө үчүн cabinet.salyk.kg сайты жеткиликтүү.
Белгилеп кетсек, коопсуздукту сактоо максатында банк карталарынын маалыматтары сакталбайт жана системага байланбайт. Төлөмдүн жаңы ыкмасын киргизүү салык милдеттенмелерин тез, аралыктан жана коопсуз аткарууга мүмкүндүк берет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



