Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата жети күн эс алышы мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-январдан 7-январга чейинки күндөрдү расмий түрдө дем алыш деп жарыялоону сунуштады.
Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, 2-январдын ордуна 11-январь, 3-январдын ордуна 24-февраль жана 6-январдын ордуна 10-март иш күнү болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



