Кыргызстандыктар жакынкы арада электр энергиясынын жаңыланган тарифтери менен квитанцияларды алышат. Улуттук электр станциялар компаниясынан эскертишкендей, май айы үчүн дүмүрчөктөрдө 2 же 3 сан көрсөтүлөт.
Биринчиси — эски тарифтер күчүндө кезиндеги колдонулган электр энергиясынын көрсөткүчү. Экинчисинде 1-майдан кийинки киловатт-сааттар жазылган.
Үчүнчү сандар 700 киловатт-сааттык чектөөдөн ашкан электр энергиясынын көлөмүн көрсөтөт. Жарандарда жогорулатылган тарифтер боюнча суроолор жаралса, 105 жана 1209 кыска номерлери боюнча кайрылса болот.