Кыргызстандыктарды алдыда узак эс алуулар күтүп турат

Кыргызстандыктарды алдыда узак эс алуулар күтүп турат. Майда катары менен 5 күндүк дем алыш берилет. Өндүрүш календарына ылайык, министрлер кабинети 5-майдан 9-майга чейин эс алуу жарыялады.

 

8-майдагы иш күнү 13-майга жылдырылды. Эске салсак, 1-май, дүйшөмбү дагы кызыл дата болгондуктан, кыргызстандыктар жумушка чыкпайт. Бирок эртеңки ишемби өлкөдө иш күнү болот.