Тышкы иштер министрлиги чек арадагы кырдаал курчуп, аскердик активдүүлүк күчөгөнүнө байланыштуу кыргыз жарандарын аталган өлкөлөргө кырдаал турукташканга чейин барбоого чакырды.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта Пакистандын аба мейкиндиги ачык, авиакаттамдар кадимкидей аткарылып жатат. Мындан улам мекенине кайтуу зарылдыгы жаралган кыргызстандыктар коопсуздук чараларын сактоо менен ал жактан өз алдынча чыгып кете алышары белгиленди.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



