Кыргызстандын 104 миң 500 жараны Россиянын “кара тизмесинде” турат. Андан тышкары дагы 90 миңден ашуун кыргызстандык аталган өлкөнүн көзөмөл реестрине киргизилген.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Тизмеге кирген жарандардын укуктары чектелип, айдоочулук, банктык эсеп ачуу жана жашаган жерин өзгөртүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөрүнө тыюу салынат. Учурда Россияда 472 миңден ашык кыргызстандык эмгектенет.



