Кыргызстандын 14,5 миңден ашык жараны Россияда макамын мыйзамдаштырды

Кыргызстандын 14,5 миңден ашык жараны Россияда макамын мыйзамдаштырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Эске салсак, бүгүн Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү аяктады.

 

11-сентябрдан тарта аны аткарбаган чет элдик жарандар өлкөдөн чыгарылып, мыйзамда каралган бардык чектөөлөр колдонулат, анын ичинде Россияга кийин кирүүгө тыюу салынары айтылган.