Кыргызстандын 260 миңден ашык жараны “Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу салды

Кыргызстандын 260 миңден ашык жараны “Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу салды.

 

Улуттук банктын маалыматында, бул алдамчылык-шылуундуктан коргонуунун ишенимдүү куралы катары кеңири жайылууда. Өткөн жылдын  1-ноябрынан баштап жарандар “Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу салуусуна шарт түзүлгөн. Мыйзам элди каржылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган.