Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Эртеңден тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, өлкөдө мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

 

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт. Мындан улам жарандарга сак болуу сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.