Кыргызстандын алгачкы спутниги космоско учурулду

Кыргызстандын алгачкы улуттук спутниги 1-октябрда космоско ийгиликтүү учурулду. Салмагы беш килограммга жакын аппарат Falcon 9 ракетасы менен жөнөтүлдү. Спутник өлкөдө иштелип чыгып, чогултулган.

 

Аппарат Жерди байкоого арналган. Ал айыл чарба жерлери менен жайыттарды көзөмөлдөөгө, кургакчылыктын белгилерин аныктоого, ошондой эле мөңгүлөргө, суу ресурстарына жана экологиялык абалга мониторинг жүргүзүүгө пайдаланылат. Спутниктин баасы болжол менен  10-12 миллион сом деп бааланган.