Кыргызстандын бардык коомдук жайларында заманбап видео байкоо камералары орнотулууда

Кыргызстандын бардык коомдук жайларында заманбап видео байкоо камералары орнотулууда. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул жаатта жумуштар “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жүрүп жатат.

 

Техника күнү-түнү абалды көзөмөлдөөгө, тартип бузууларды аныктоого жана аларга ыкчам таасир берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Камералардын жардамы менен милиция кызматкерлери кылмышкерлерди аныктап, тиешелүү чараларды көрүүдө, — дешти ведомстводон.