Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия кубогуна жолдомо утту

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Оюн 11-июнда Омандын Маскат шаарында уюштурулду.

 

Жыйынтыгында, Кыргызстандын курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алды.