Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде позициясын жакшыртты. Жаңыланган тизме уюмдун расмий сайтында жарыяланды. Биздин курама 3 сапка позициясын жакшыртып, 103-орунду ээледи.
Команданын активинде 1 миң 207 упай бар. Рейтингдин сап башында учурдагы дүйнө чемпиону Аргентина жайгашат, андан кийин Франция, Испания курамалары турат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



