Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2026-жылдын январь-июль айларында 1 триллион 172,7 миллиард сомго жетти

Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2026-жылдын январь-июль айларында 1 триллион 172,7 миллиард сомго жетти.

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экономика 11,1 пайызга өскөн.

 

Өнөр жай тармагы жети айда 11,2 пайызга өстү. Айрыкча химиялык продукция, мунай заттары жана курулуш материалдарын өндүрүү көбөйгөн.