Кыргызстандын эл аралык резервдери тарыхта биринчи жолу 4 миллиард доллардан ашты

Кыргызстандын эл аралык резервдери тарыхта биринчи жолу 4 миллиард доллардан ашты.

 

Мындай маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды. Эл аралык резервдер өткөн жылдын апрель айынан бери өсүп, учурдагы көрсөткүчү өлкө үчүн рекорддук болуп саналат.

 

Соңку жыл ичинде алар 1,5 эсе өстү. Белгилеп кетсек, эл аралык резервдер биринчи кезекте төлөм балансынын каржылык жетишсиздиги учурунда жана валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө колдонулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.