Кыргызстандын энергетиктери май майрамдарында күчөтүлгөн тартипте иштейт. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул күндөрү бардык райондук электр тармактарда ыкчам бригадалардын нөөмөтү уюштурулат.
Андан тышкары, авариялык кырдаалдарды жоюуга атайын техника, унаалар, адистердин бригадалары даярдалды.


