Кыргызстандын киноиндустрия тармагы эми мамлекеттик бюджетке киреше алып келүүгө милдеттүү

Кыргызстандын киноиндустрия тармагы эми мамлекеттик бюджетке киреше алып келүүгө милдеттүү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, аталган тармакты экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн 2 жаңы структура түзүлдү:

 

“Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүш бирикмеси жана “Фонд кино” мамлекеттик мекемелери.

 

Алар кино жаратуу, аны жайылтуу системаларын өнүктүрүп, улуттук кинематографияны дүйнөлүк деңгээлге чыгарышы керек.