Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексинде санарип тармагындагы кылмыштарга каршы күрөшүүгө багытталган өзгөрүүлөр күчүнө кирди.
Жаңы эрежелер банк карталарын, электрондук капчыктарды, сим-карталарды жана башка каржылык реквизиттерди үчүнчү жактарга сатуу же өткөрүп берүү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталат.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-июнда кабыл алынган. Демилгенин максаты — IT тармагында өсүп жаткан кылмыштуулук менен күрөшүү.



