Кыргызстандын мектептеринде кол телефон колдонууга тыюу салынды

Кыргызстандын мектептеринде сабак учурунда мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салынды. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, тиешелүү буйрук өлкөнүн бардык мектептерине жиберилди.

 

Министрдин айтымында, ар бир класста кол телефондор үчүн атайын кутучалар болот. Ага ылайык, балдар мектепке кирген учурда аппаратты үнсүз режимге коюп, кутучуларга салышы керек. Мобилдик телефонун колдонууга танаписте же чукул кырдаал жаралган учурда гана уруксат берилет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.