Кыргызстандын мектептеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров койду.
Ага ылайык, 1-класстан 11-класска чейинки мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга, мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат, ал эми мектептерди оңдоого жана зарыл нерселерди сатып алууга каражат мамлекеттик бюджеттен гана бөлүнөт.