Мектептерде жуманын башында жана аягында милдетүү түрдө гимн ырдалат

Мындан ары мектептерде аптанын башында жана аягында милдетүү түрдө гимн ырдалат.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткенде өткөн көчмө жыйында билдирди.

Белгиленгендей, бул демилге окуучуларда улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт.