Кыргызстандын паспорту жарандарга виза албастан, 63 мамлекетке барууга мүмкүнчүлүк берет

Кыргызстандын паспорту жарандарга виза албастан, 63 мамлекетке барууга мүмкүнчүлүк берет. Муну менен, республика паспорттордун индексинде 79-орунда жайгашты. Жылдын биринчи кварталы боюнча рейтингди эл аралык консталтинг агенттиги түздү.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстан Армения менен  80-позицияда жайгашчу. Бирок ЕАЭБ боюнча өнөктөш көрсөткүчүн жакшыртып,   78-орунга көтөрүлдү. Кошумчаласак, рейтингдин сап башында Япония турат. Андан кийин Сингапур, Германия жана Түштүк Корея жайгашат.