Кыргызстандын спортчулары Кытайда өтө турган Кышкы Азия оюндарында күч сынашат. Турнир 7-14-февраль аралыгында Харбин шаарында өтөт.
Биздин курама 53 адамдан турат. Алар биатлон, керлинг, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү жана хоккей боюнча мелдештерге катышат.
Улуттук курама команданын капитаны болуп хоккейчи Мамед Сейфулов дайындалды. Азиаданын ачылышында Кыргызстандын желегин ал көтөрөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



