Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мамлекет башчысы анын ордуна Мелис Мамадалиевди дайындады.
Исмаилова аталган кызматты 2022-жылдан бери жетектеп келген. Ал эми Мамадалиев буга чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар дипломатиялык кызматтарды аркалап келген.



