Кыргызстандын туристтик жолдорунда 68 тейлөөчү борбор курулат

Кыргызстандын туристтик жолдорунда 68 тейлөөчү борбор курулат. Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, анын 15и Бишкек – Ысык-Көл трассасынын боюнда пайда болот.

 

Борборлордон туристтер керектүү маалымат алып, суусундуктарды сатып ала алышат. Долбоор ушул жылдын аягына чейин ишке ашырылат деп пландалууда.

 

Бюджетте бул багытта каражат каралды. Белгилеп кетсек, быйыл Ысык-Көлгө 1 миллиондой, ал эми башка аймактарга 800 миңдей туристтин келиши болжолдонууда.