Кыргызстандын жарандарына Казакстанга кирүү үчүн QazETA электрондук уруксатын азырынча алуу талап кылынбайт

Кыргызстандын жарандарына Казакстанга кирүү үчүн QazETA электрондук уруксатын азырынча алуу талап кылынбайт. Система пилоттук режимде иштеп жатат, уруксат милдеттүү эмес жана акы алынбайт.

 

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ETAны милдеттүү киргизүү мөөнөтү жана тартиби кийинчерээк жарыяланат.