Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жайкы кабыл алуунун беш турунда абитуриенттерден 78 миң 400 электрондук талон түштү.
Анын 26 миң 600ү бюджеттик орундарга, 51 миң 800ү контракттык негизде окууга берилген.
“Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасынын 12-августтагы маалыматына ылайык, 51 миң абитуриент окууга сунушталды. Алардын 38 миңге жакыны, же 74 пайызы, тандалган адистиги боюнча окууга макулдугун ырастады. Кабыл алуу өнөктүгү беш тур менен өтүп, бүгүн акыркы турдун талондорун каттоо аяктады.



