Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кабыл алуунун алтынчы туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кабыл алуунун алтынчы туру башталды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, электрондук талондорду каттоо 19-августка чейин жүргүзүлөт.

 

Эске салсак, алгач кабыл алуу өнөктүгүн беш тур менен өткөрүү пландалган. Бирок жогорку окуу жайларда дагы 30 миңдей бош орун болгондуктан, дагы бир тур уюштуруу чечими кабыл алынды. Колледждерде да кабыл алуунун алтынчы туруна уруксат берилди.