Кыргызстанга бажы төлөмүсүз киргизилген электромобилдерди башка өлкөлөргө кайра чыгарууга, башкача айтканда, реэкспорттоого жол берилбейт

Кыргызстанга бажы төлөмүсүз киргизилген электромобилдерди башка өлкөлөргө кайра чыгарууга, башкача айтканда, реэкспорттоого жол берилбейт.

 

Бул тууралуу экономика министринин орун басары Султан Ахматов билдирди.

 

Анын айтымында, бажы төлөмү жок киргизүүгө берилген квота биринчи кезекте ички рыноктун муктаждыгын камсыз кылууга багытталган. Министрликтин өкүлү бул квота бизнес жүргүзүү же кайра сатуу үчүн берилбегенин белгиледи.