Кыргызстанга чет өлкөдөн алып келинген унааларды пайдалануу тартиби өзгөрдү. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Ага ылайык, айдоочулар автоунаа убактылуу киргизилгенин ырастаган документтерди, каттоо күбөлүгүн, ишеним катты жана айдоочулук күбөлүктү ала жүрүшү керек.
Андан тышкары тийиштүү мамлекеттик мекемеден убактылуу каттоодон өткөрүү зарыл.
Ошондой эле текшерүү учурунда документтерди көрсөтүүгө милдеттүү болот. Эгер автоунаанын Кыргызстанга кирген күнү тууралуу маалымат автоматташтырылган системада жок болсо, анда анын өлкөгө кирген датасы катары 2024-жылдын 31-декабры эсептелет.



