Кыргызстанга чет өлкөлүк номер менен келген автоунааларга алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилиши мүмкүн

Кыргызстанга чет өлкөлүк номер менен келген автоунааларга алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилиши мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Документке ылайык, уруксатты мамлекеттик органга барбай эле электрондук система аркылуу алууга болот. Ошондой эле чет өлкөлүк унаалар үчүн алты айлык уруксаттын баасы кадимки жеңил унааларга 6 миң сом, ал эми электромобилдерге 400 сом кылуу сунушталууда.