Кыргызстанга импорттолгон өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы жоюлду

Кыргызстанга импорттолгон өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы жоюлду. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана тамак-аш товарларына карата базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алды.

 

Өсүмдүк майына түшүрүлгөн кошумча нарк салыгынын нөлдүк чени 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда өсүмдүк майын керектөө 60 миң тоннаны түзөт. Өлкөдө мунун 5-6 миң тоннасы, же 9-10 пайызы гана өндүрүлүп, калганы сырттан ташылат.