Кыргызстанга сырттан электрондук тамеки, никотин жана никотин камтыган суюктуктарды алып кирүүгө убактылуу киргизилген чектөөнүн мөөнөтү дагы алты айга узарды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Кылмыш кодексине ылайык, электрондук тамекини ири өлчөмдө өлкөгө алып кирүүгө айыпталгандарга 100-120 миң сом айып пул салынат же эки айдан бир жылга чейинки убакта коомдук иштерге тартылат. Эгерде өзгөчө ири өлчөмдө алып келинсе, 150-200 миң сом айып пул салынат же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
Эске салсак, Кыргызстанда электрондук тамеки алып кирүү, сатуу жана пайдаланууга 2025-жылдын 1-июлунан тартып тыюу салынган.



