Кыргызстанга эт рыногун толуктоо жана асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында 20 миңден кем эмес баш бодо мал импорттоо пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында айтылат.
Мал Казакстан, Беларусь жана Россиядан алып келинет. 20 миң баш бодо малды импорттоо ички рыноктогу эт сунушун кеминде 2,7 миң тоннага көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, — дешти ведомстводон.



