Өлкөгө күйүүчү-майлоочу май Беларустан ташыла баштайт

Бул тууралуу «Азаттыкка» мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.

 

Анын маалыматына караганда, учурда Беларустун компаниялары менен келишим түзүлдү. Таңкыстыктын алдын алуу үчүн Азербайжан, Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, ири компаниялардын кампаларында 15-20 күнгө жете турган май бар.

 

Кыргызстанда жай айларында башталган күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосу азыркы тапта да уланууда. Буга чейин Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы бааны кармап турууга мүмкүн болбой жатканын, күйүүчү майдын кымбатташы Россиядагы абалга байланыштуу экенин билдирген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.