Кыргызстанга Россиядан күйүүчү май ташуу дээрлик токтоду.
Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатовдун айтымында, Россиядагы күйүүчү май тартыштыгынан улам Кыргызстанга бензин сатуу боюнча сунуштар токтоду.
Учурда дизелдик отун аз көлөмдө келип жатканы менен АИ-92, АИ-95 жана андан жогорку үлгүдөгү бензин тартыш болууда. Кыргызстандагы май сатуучу компаниялар башка өлкөлөрдөн күйүүчү май жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.



