Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, буга чейин Кыргызстан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасын 650 доллардын тегерегинде алып келсе, учурда анын баасы орточо 950 доллар болууда.
Ал эми дизелдин тоннасы болжол менен 700 доллар болсо, азыр 1 миң 200 доллардан ашты.
Баанын өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал себеп болгону белгиленди.



