Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө 700дөн ашык абитуриент катталды. Бул тууралуу билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Өз убагында каттоодон өтүүгө жетишпей калгандар үчүн 20-ноябрда кошумча каттоо уютурулат.
Ал Бишкек жана Ошто мамлекеттик университеттерде өтөт. Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-23-ноябрга белгиленди.



