Кышында электр энергиясын импорттоо уланат

Кыргызстан күз-кыш мезгилиндеги электр энергиясына болгон керектөөнү жабуу үчүн Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, энергетикалык жабдууларды оңдоо иштери болжол менен 90 пайызга аткарылды. Ошондой эле электр энергиясын керектөөнүн 19,5 миллиард киловатт-сааттык болжолдуу көлөмү камсыздалды.

 

Электр энергиясын үнөмдүү пайдаланган шартта күз-кыш мезгилинде өчүрүүлөр болбошу керек. Ведомстводон белгилешкендей, авариялык өчүрүүлөрдү толугу менен жокко чыгаруу мүмкүн эмес.