Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу иштери Жалал-Абад облусунда туннелди куруу менен башталат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу иштери Жалал-Абад облусунда туннелди куруу менен башталат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан билдирди.

 

Анын айтымында, курулуштун негизги этабы май айында жүргүзүлүп баштайт. Темир жолдун жалпы узундугу 523 чакырымды түзөт. Бул Кытайдын Кашкарынан баштап Торугартка чейинки аралык, ал эми Торугарттан баштап ички каттам 305 чакырымды түзөт.

 

Эске салсак, 2024-жылдын 27-декабрында стратегиялык долбоор болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна президент Садыр Жапаров старт берген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.