Кытай менен Беларусь Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүгө макулдугун берди

Кытай менен Беларусь Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүгө макулдугун берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Анын айтымында, Кытайдан 3 миң тонна авиакеросин жеткирүү боюнча келишим бекитилип, кошумча 5 миң тонна дизель сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

 

Ошондой эле Беларусь менен 3 миң тонна авиакеросин жана 10 миң тонна дизель жеткирүү тууралуу келишим түзүлдү. Учурда бул жүктөрдү алып келүү үчүн Россия аркылуу транзит маселеси талкууланууда.