Кытайда 82 жаштагы карыя болгон мүлкүн бейтааныш адамга калтырууга даяр. Бир гана шарты — ал адам анын мышыктарын багышы керек. Эркек көп жылдардан бери жалгыз жашайт.
Ал көчөдөн үч кичинекей баласы менен мышыкты таап, багып алган. Карыя көзү өтүп кетсе, мышыктарын ким багат деп сарсанаа болгондуктан, камкорчу издеп баштады. Ал батирин жана болгон байлыгын ага калтырууга даяр. Бирок каалоочу таба элек.



